7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмок шаарында жаңыланган кичи футбол аянтчасы ачылды

5

Токмок шаарынын 3-кичи районунда капиталдык оңдоодон кийин кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 1-3-кичи райондордун ортосундагы сейил бактын курулушу менен таанышуу боюнча иш сапарынын алкагында, балдар төрагага учурдагы футбол аянтчасын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жыйынтыгында Ташиевдин тапшырмасы менен ири оңдоо иштери жүргүзүлүп, футбол аянтчасы толугу менен оңдолду. Заманбап жасалма газон төшөлүп, тосмо торлору алмаштырылды. Аянтка таманташ (брусчатка) төшөлүп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү жана карагайлар, гүлдөр отургузулду.

Ташиев балдарга футбол топторун жана спорттук форма белекке берип, жакшы каалоо-тилектерин айтып, спорттун жана жаш муундар үчүн сергек жашоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Балдардын жана жаштардын сергек жана активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзүү – биздин артыкчылыктуу милдетибиз. Мындай спорттук объекттер өсүп келе жаткан муунду өнүктүрүүгө жана шаардыктардын ден соолугун чыңдоого өбөлгө түзөт», — деди ал.

Кичи футбол аянтчасынын ачылышы райондун жашоочулары үчүн маанилүү окуя болду. Азыр балдар жана жаштар спорт менен машыгуу үчүн заманбап жана ыңгайлуу жайга ээ болушту.

6