7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумтөр 2025: Биринчи жарым жылдык жыйынтыгы чыгарылды

24

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңеши кезектеги көчмө жыйынынын алкагында Балыкчы өткөөл базасына жана Кумтөр кен жайына барды. Көчмө жыйындын жүрүшүндө Мүдүрлөр кеңеши Балыкчы өткөөл базасындагы модернизациялык иштер менен жеринен таанышты.

Белгилей кетсек, Балыкчы өткөөл базасында 2025-жылы жаңы май сактоочу резервуарлар салынып, дизель майынын стратегиялык запасын сактоо мүмкүнчүлүгү эки эсеге көбөйтүлдү. Ошондой эле, жаңы асфальт жана тротуарлар төшөлүп, отургучтар орнотулду, базага жанаша жайгашкан аймак көрктөндүрүлдү.

Кызматкерлердин, анын ичинде Кумтөр кен жайына ар кандай жүктөрдү жеткирүүчү айдоочулардын эмгек жана эс алуу шарттары жакшыртылды. Мүдүрлөр кеңешинин мүчөлөрү көчмө жыйынды андан ары Кумтөр кен жайында улантышты. Кен жайдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен учурдагы абал жана буга чейин коюлган милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтары угулуп, ишкананын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары каралды.

Ошондой эле орто мөөнөттүү пландар жана милдеттер талкууланды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

25