7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Кубанычбек Жумалиев бюжетке 1 млрд. сом төлөдү

2297

Депутат Кубанычбек Жумалиев бюжетке 1 млрд. сом төлөдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын УКМК жогорку даражалуу чиновниктер тарабынан өзгөчө оор коррупциялык кылмыштарды жасоонун натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендигинен улам, коомчулуктун кеңири нааразычылыгын жараткан бир катар кылмыш иштери боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевге каршы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинде жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандоо үчүн жетиштүү далилдер алынган.

Бүгүнкү күндө К.Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акча каражатына бааланган, коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп берди.

Буга байланыштуу, тергөө тарабынан К.Жумалиевдин улгайган курагын жана ден-соолугунун абалын эске алуу менен, 2021-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага карата сырт жака чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2298