Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда, Ош облусунун Кара-Суу шаарында толугу менен реконструкцияланган “Манас” стадионунун ачылышынына катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Кара-Суу шаарынын урматтуу тургундары!
Кымбаттуу спорт ышкыбоздору!
Кадырлуу меймандар!
Бүгүн биз дагы бир жакшы саамалыктын күбөсү болуп турабыз. Кара-Суу шаарынын жүрөгүндө жайгашкан, бир нече муундун эс-тутумунда бекем сакталган “Манас” стадиону толугу менен реконструкцияланып, заманбап өңгө кирип, кайрадан элге эшигин ачып жатат. Бул – жалпыбыздын жетишкендигибиз, спорт жаатындагы аракеттерибиздин үзүрү. Демек, бул күн Кара-Суу шаарынын тургундары, жалпы эле район эли жана спорт күйөрмандары үчүн чоң майрам!
Эң оболу жалпы кыргыз элин, айрыкча кара-суулуктарды ушул эсте каларлык күн менен чын дилимден куттуктаймын!
Бул стадиондун ишке берилиши, албетте, өлкөбүздүн социалдык өнүгүүсүндө жана жергиликтүү инфратүзүмдүн жакшыртууда маанилүү кадам болуп эсептелинет.
Кара-Суу шаар макамына ээ болгон 1960-жылдары 3800 көрүүчүгө ылайыкташкан стадион да курулган экен. Бул жерде биздин даңктуу “Жаштык-Ак-Алтын” футбол клубу түптөлүп, кыргыз футболунун тарыхында өз ордун тапкан. Бул клуб 2003-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, өлкө кубогунун жети жолку финалисти катары Кара-Суунун атын жети дубанга даңазалаган жайы бар. Демек, бул стадион өз учурунда жергиликтүү жаштардын кыялдары ишке ашкан, күйөрмандардын сүйүнүчүнө күбө болгон өзгөчө жай болгон десек болот.
Эми ошол белгилүү стадион заман талабына ылайык кайра реконструкцияланып, сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилди. Оюн талаасына табигый көк майсаң чөп төшөлдү, трибуналар толугу менен жаңырды. Медиа зонасы, медициналык бөлмөлөр, администраторлор жана калыстар үчүн кеңсе жайлары, жарыктандыруу системасы — дегеле баары заманбап талапка жооп берет. Кыскасы, спортчулар үчүн дагы, спорт күйөрмандары үчүн дагы ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Жалпы жонунан реконструкцияга 274,5 миллион сом жумшалды. Бул каражат келечектин чемпиондоруна, жаштарыбыздын өнүгүүсүнө салынган инвестиция!
Урматтуу мекендештер!
“Спорт – ден соолуктун булагы” деп айтып келебиз. Чынында спорт — бул күч-кубаттын, тартиптин, сабырдуулуктун жана бекем эрктин мектеби. Спорт менен машыккан эл сергек болот, сергек жашаган эл күчтүү, билимдүү, биримдиктүү болот, ал эми күчтүү, биримдиги бекем эл Ата Мекенин коргоого жөндөмдүү келет! Ошондуктан биз спортко дайыма көңүл буруп келебиз.
Мындай стадиондордун курулушу — ириде элдин ынтымагын чыңдаган, жаштарга дем берген, өлкөнүн келечегине жол ачкан иштердин бири. Бүгүн Кара-Сууда ачылып жаткан бул спорт ордосу – биздин жаштарыбызды дүйнөлүк аренага алып чыгуучу чоң кадам.
Мындай иш-аракеттер Кыргызстандын башка аймактарында да жигердүү жүрүп жатат. Быйыл мынакей, өткөн айда Өзгөндө, жакында эле 14- сентябрь күнү Токтогул шаарында стадион ачылып, жергиликтүү элдин, спортчулардын тилектери ишке ашты. Ал эми облустук деңгээлде алыскы Баткенде, тоолуу Нарында, Таласта жаңы стадиондор курулууда. Андан сырткары Сокулук, Аксы, Кочкор райондорунда, ошондой эле Токмок, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя шаарларында да салынып жатат. Борбор калаабыз Бишкекте болсо жалпы спорт тармагына өтө маанилүү спорттук-реабилитациялык медициналык борбор түптөлүүдө. Мунун баары – мамлекеттин спортту өнүктүрүүгө болгон саясатынын айкын далили.
Кара-суулук агайын-туугандар, урматтуу мекендештер!
Реконструкциядан кийинки “Манас” стадионунун ачылышы жалпы Кара-Суу району боюнча чоң майрамдын башы десем туура болчудай. Себеби калкынын саны боюнча райондорубуздун алды, дыйканчылыкка ыңгайлуу береке төгүлгөн жери, ага жарашкан эмгекчил эли, ар тармактагы белгилүү инсандары менен таанымал Кара-Суу районунун 90 жылдыгы жакында белгиленгени турат. Район боюнча мааракеге даярдыктар шайма-шай жүрүп жаткан экен. Учурдан пайдаланып, мындай майрамдык маанайды утурлай, баарыңыздарды Кара-Суу районунун 90 жылдыгы менен чын дилимден куттуктап кетейин. Көп этностуу бул райондун эң башкы байлыгы – бул жумурай журттун ынтымагы, биримдиги, алдыга умтулуусу. Райондун 90 жылдык басып өткөн жолундагы ийгиликтерге дал ушул ынтымак маанилүү роль ойногону шексиз. Урматтуу кара-суулук мекендештер, биримдигиңиздер артып, мындан ары да өнүгүп-өсө бериңиздер.
Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!
“Манас” стадиону ири райондун борбору саналган Кара-Суу шаарынын көркүнө көрк кошуп гана тим болбостон, эл биримдигин чыңдаган, спорт майрамдары өткөрүлүүчү чыныгы борборго айланат деген ишеничтемин. Бул жерден эртеңки күндүн чемпиондору, кыргыз спортунун жылдыздары чыгат. Алар кыргыз туусун дүйнөлүк аренада желбиретип, мекенибиздин атын даңазалашат!
Бул стадион — жаштарды ийгиликке үндөгөн, чоң-чоң жеңиштердин күбөсү болгон акжолтой жай болсун!
Эшиги ар дайым ачык болуп, бул жерге келген ар бир адам өзүнө дем-күч алып кетип турсун.
Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, шаарыбызга тынчтык, Кыргызстаныбызга биримдик жана өнүгүү каалайм!
Жаңы стадионубуз куттуу болсун!”.