Чүй облусунун, Байтик айыл өкмөтүнүн аймагынан 2019–2024-жылдар аралыгында 25 жаранга кезексиз жана мыйзамсыз түрдө 2 гектардан ашык жер тилкеси берилген. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектелип мамкызматкерлер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кармалды.
“Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жер тилкелерин аффилирленген адамдарга каттап, андан соң сатып, пайда табуу максатында уюштурулган коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды. Бул кылмыш ишинин алкагында, Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, 1975-жылы туулган А.А. жана айыл өкмөтүнүн учурдагы жер адиси, 1992-жылы туулган С.Б.
кармалды”, — деп берилет маалыматта.
Тергөөнүн жүрүшүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарынын да бул схемага катыштыгы аныкталып, төмөнкү жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:
- Ч.Ж. – 1992-жылы туулган
- А.М. – 1987-жылы туулган
- Э.Ю. – 1991-жылы туулган
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо багытында тергөө иштери жүрүп жатат.