7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров БУУнун Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты

181

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Дебаттар башталар алдында Мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан тосуп алуу аземи болуп өттү.

Дебаттардын ачылышына дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик сессиясы «Жакшысы — биргелешип аракеттенүү» деген ураан менен ачылды. Бул маарекелик мезгил эл аралык тынчтыкты бекемдөө, туруктуу өнүгүү жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди туюнтат.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Анын кайрылуусу 23-сентябрдан 24-сентябрга караган түнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 02:00–03:00дө күтүлүүдө.

Түз эфирди УТРК каналынан жана социалдык тармактагы баракчалардан көрүүгө болот.

182