7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов: Бишкек мэри кызматтан алынды деген маалымат калп

466

“Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбестигин расмий билдирем”, — деп жазылат Аскат Алагөзовдун Facebook баракчасына жасаган кайрылуусунда.

Анын айтымында, ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары Президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат. Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн.

“Бул убакка чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган. Ушуга байланыштуу жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырам”, — дейт ал

467