7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Намибиянын Президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту

291

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Намибия Республикасынын Президенти Нетумбо Нанди-Ндайтва менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар өнүгүү баскычында турган кыргыз-намибия алакаларынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2000-жылы түзүлгөндүгү белгиленди.

Эки мамлекеттин кызыкчылыктарына жооп берген эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкдарлыкты баса белгилешти.

292