“Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүүгө даяр”- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кечээ, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.
Ошондой эле, мамлекет башчысы туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграция үчүн Борбордук Азия өлкөлөрү тең укуктуу диалогго жана активдүү өз ара аракеттенүүгө муктаждыгын баса белгиледи.
Ал Кыргызстан татаал тарыхый-географиялык шарттарга карабастан коңшу мамлекеттер менен, атап айтканда, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелерин тынчтык жолу менен чечкенин кошумчалады.
Садыр Жапаров бул процесс жогорку деңгээлде, эксперттик деңгээлде узакка созулган сүйлөшүүлөр менен коштолуп, бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен чечилгенин өзгөчө белгиледи.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын чек аралары достуктун, сооданын жана кызматташтыктын чек арасы экенин ишенимдүү түрдө айта алам”, — деп ал канааттануу менен белгиледи.
Мамлекет башчысы бул тажрыйба саясий эрк, урмат-сый жана диалог бар жерде тынчтык болушу мүмкүн экендигин ырастап турарын, бул бизге бардык карама-каршылыктарды чечүүгө жана өнүгүү жолуна түшүүгө мүмкүндүк бергенин баса белгилеп айтты.
“Кыргызстан татаал маселелерди чечүүдөгү тажрыйбасын дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүүгө даяр”, — деп белгиледи ал.
Президент дүйнө жүзү боюнча курал-жарактарга колдонулуп жаткан 3 триллион доллардан ашык акча-каражаттарды элдин турмушун жакшыртууга, ачарчылыкты жоюуга, экологиябызды жакшыртып, абаны тазартууга колдонууну сунуштады.
“Абадан дем алууда дүйнөнүн кайсы бурчунда жашаба чек жок эмеспи. Баарыбыз бир аба менен дем алабыз”, — деп баса көрсөттү ал.
Президент Садыр Жапаров кимдин куралы күчтүү деген жарышуу менен эмес, кайсы өлкөнүн жаратылышы, кайсы өлкөнүн абасы таза деген жарышуу менен жашоого чакырды.