7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө башчы Садыр Жапаров Палестинага тилектештигин билдирди

32

“Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек?”, — деп суроо салды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчы дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгиледи.

Ал бүткүл дүйнөнүн көз алдында өтүп жаткан адам чыдагыс трагедияга кайдыгер карабоого чакырды.

“Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз!”, — деди Мамлекет башчысы.

Президент тынчтыкты орнотуунун бирден-бир жолу: «Эки эл үчүн – эки мамлекет» принцибин ишке ашыруу экенин баса көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин айтты.

33