Борбор калаада «Old Бишкек” көп функционалдуу комплексинин курулушу уланууда. Долбоорду Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев жетектейт.
Ал 22-сентябрь күнү бешинчи квартал толугу менен бүткөрүлгөнүн билдирди.
Түлеевдин айтымында, Шопоков көчөсүнө чыгуу этабы 25-26-сентябрга пландалууда.
«Жер астындагы өтмөктөгү шаарчанын ичин бүтүрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Жылдын аягына чейин бардык иштерди бүтүрөбүз деген үмүттөбүз. Сабырдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн рахмат», — деп жазган.