7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Юнус Эмре Түрк маданий борбору ишмердүүлүгүн баштады

26

Кыргызстанда Юнус Эмре Түрк Маданий Борбору өз ишин расмий түрдө баштады.

Борбордун ачылышына арналган таанытуу концерти Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп өттү.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, мурдагы тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нурлан Ниязалиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Венгриянын элчиси Шандора Дороги жана Юнус Эмре институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты.

«Көңүлдөрдү жакындаштырган маданий көпүрө»

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Юнус Эмре маданият борборунун Бишкекте ачылганына ыраазычылык билдирип, мындай деди:

«Түрк тили – түрк элдерин жана мамлекеттерин бириктирген эң маанилүү тилдердин бири. Ар бир мамлекеттик кызматкер жана интеллектуал Түркия түркчөcүн билүүгө тийиш деп эсептейм. Бишкек Юнус Эмре Түрк Маданий Борбору – бул жөн гана маданий көпүрө эмес, жүрөктөрдү да жакындаштыруучу кадам», – деди Байсалов.

Ал ошондой эле жакында Кыргызстанга Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаздын иш сапарын эске салып, эки өлкөнүн президенттеринин визионердик лидерлигинин аркасында кыргыз-түрк мамилелери жаңы горизонтторго карай өнүгүп жатканын белгиледи.

Элчи Өкем: «Орто мурастарыбызды келечек муундарга өткөрөбүз»

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкөм сөзүн кыргыз тилинде 23-сентябрда белгилене турган Мамлекеттик тил күнүн куттуктоо менен баштады. Ал Юнус Эмре маданий борборлору дүйнөнүн 68 өлкөсүндө жайгашып, түрк маданиятын, искусствосун жана тарыхын таанытып, элдер ортосунда достук көпүрөсүн куруп жатканын белгиледи.

«Улуу акын Юнус Эмренин тынчтык жана бир туугандык жөнүндөгү чакырыктары бүтүндөй адамзат үчүн жол көрсөтүп келет. Биздин милдет – бул жалпы эстеликти сактап, аны келечек муундарга өткөрүп берүү», – деди элчи.

Концерттик программа

Таанытуу концертинде Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин артисттеринен түзүлгөн «Анадолунун Үнү» тобу, Кыргыз-Түрк Манас университетинин Түрк дүйнөсү оркестри жана артисттери менен биргеликте сахнага чыгышты.

Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасынын негизинде тартылган фильмдин музыкасы менен башталып, андан соң тенор Өмүр Түркменоглу, сопрано Тугба Манкал жана ырчы Эльвира Таджиева өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Программанын жүрүшүндө Түркиянын Бишкектеги элчилигинин Маданият жана таанытуу кеңешчиси Солмаз Хаберал сахнага чыгып, «Çırpınırdı Karadeniz» (“Карадеңиз толкуганда”) жана «Bir Başkadır Benim Memleketim» (“Өзгөчө менин мекеним”) аттуу ырларды чогуу аткарды.

27