УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7 балалуу жалгыз бой эне Гүлнура Саламатовага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Гүлнура жалгыз бой эне, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен жана спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз ичүүдөн улам жолдошу менен ажырашып кеткен. 2025-жылдын ортосунда ал «Аялзат» балдар жана аялдар үчүн кризистик борборуна кайрылып, ал жерде балдары менен азыркы учурда убактылуу жашап жатат.
Мындан тышкары колунда 10 айлык баласы бар, оор турмуштук жагдайдан улам ишке орношо албай, жашоо үчүн турак жайды ижарага ала албай, Ташиевге жардам сурап кайрылган.
Ташиев анын үй-бүлөлүк абалын эске алып, көп балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берди. Анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук жана жаркын келечек каалады.
Өз кезегинде Гүлнура айым Камчыбек Ташиевге көп жылдык активдүү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.