Бүгүн Кыргызстанда күчү 2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Таш-Кыя айылынан 7 чакырым алыстыкта түндүк-чыгышында, Кадам-Жай айылынын түндүк тарабынан 8 чакырым алыстыкта, Кызыл-Кыя шаарынан 38 чакырым алыстыкта түштүк-батышта жана Баткен шаарынан түндүк-чыгышында болгон.
Таш-Кыя айылында жер титирөөнүн күчү 2 баллга жеткен.
Силкинүү 25-сентябрда саат 7:20да катталган.