Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Улуу Британиянын премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү арттырууга даярдыктарын билдиришти.