2025–2026-окуу жылынан тартып өлкөнүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринде «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМС) ишке киргизилди.
«Күндөлүк» АМСтин негизги функциялары:
• окуучулардын жетишкендиктерин электрондук форматта сактоо;
• сабак темаларын, үй тапшырмаларын жана көзөмөл иштерин белгилөө;
• сабакка катышуу жана тартип боюнча маалыматтарды каттоо;
• окуучулардын электрондук өздүк делосун жүргүзүү;
• мугалимдердин жүгүн жана сабактардын автоматташтырылган ырааттамасын түзүү;
• ата-энелерди окуучунун жетишкендиктери, сабакка катышуусу жана сабак ырааттамасы тууралуу билдирүү;
• статистикалык жана аналитикалык отчётторду түзүү.
Белгилей кетсек, «Күндөлүк» АМСтин мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн акысыз колдонууга берилет.