7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тыныбекова UWW спортчулар комиссиясына мүчө болуп шайланды

37

Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун спортчулар комиссиясына мүчө болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Айсулуу Тыныбекова 2025–2029-жылдарга карата UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Бул шайлоо Загребде дүйнө чемпионатынын алкагында өтүп, дээрлик 400 балбан добуш берди.

Комиссиянын курамына 9 спортчу кирди:

— Арсен Жулфалакян, (Аргентина)

— Юи Сусаки (Япония),

— Тамаш Лоринц (Венгрия),

— Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан),

— Хассан Яздани (Иран),

— Мария Преволараки (Греция),

— Абделлатиф Мохамед (Египет),

— Жессика Лаверс-Макбейн (Австралия),

— Николаас де Ланге (Түштүк Африка).

Федерация спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуу чоң сыймык гана эмес, спортчулардын үнүн түздөн түз UWW бюросуна жана конгрессине жеткирүү мүмкүнчүлүгү экенин айтты.

38