7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө саясий кырдаалдарда колдонулуп жүргөн курал-жарактар табылды

21

Аламүдун районунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок а/а, Прохладное айылынын тоолуу аймагына жакын жерде ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылган.

Жашыруун жайдан табылган курал-жарактардын тизмеси:

— 1 даана АКС-74 автоматы;

— 1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча;

— 5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин.

Белгиленгендей, ок атуучу куралдарды буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонушкан.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоого тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле куралдарды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

22