Бишкектеги «Чыгыш-5» кичи районунда жайгашкан «Санхаус плюс» турак жай комплексин куруучуга карата алдамчылык жана курулуш нормаларын бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 24-сентябрында Фейсбукта комплекстин жашоочуларынын видео кайрылуусу жарыяланып, анда подрядчы өз милдеттенмелерин аткарбай, натыйжада имарат ишке берилбей жатканына нааразы болушкан.
Курулуш башталганга чейин компания турак жай комплексин ири шаарда жашоого эң ыңгайлуу шарттарды, анын ичинде коопсуздук системаларын, тосулган аймакты, жеке жер астындагы унаа токтотуучу жайды жана башкаларды сунуштайт деп жарнамалаган. Бирок жашоочулар долбоорго киргизилген жер астындагы унаа токтотуучу жайларды алышкан эмес.
“Ишкананын жетекчилиги кирешени көбөйтүү максатында жер астындагы унаа токтотуучу жайды долбоорлоо документтерин жана курулуш нормаларын бузуу менен, бекитилген пландан четтеп, коммерциялык жайга айландырганы аныкталган. Бул соода-сатык келишимдеринин шарттарын, комплекстин жашоочуларынын мыйзамдуу укуктарын бузуп, айланадагы жол абалын да начарлаткан. Бул объектти унаа токтоочу жайсыз пайдаланууга киргизүү мүмкүн эместигин түшүнүү менен компаниянын жетекчилери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жетекчилиги аркылуу аталган турак жайды мунапыска туш келген объекттердин тизмесине киргизүүгө бир нече жолу аракет жасашкан. Бул комплекстин жашоочуларын унаа токтотуучу жай менен камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткаруудан четтөөгө мүмкүндүк берет”, — деп берилет маалыматта.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында курулуш ишканасынын директору О.Б.М. жана көзөмөл жүргүзгөн долбоорлоо уюмунун жетекчиси Б.Э.Б. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар долбоордун ишке ашпай жатканы боюнча өздөрүнүн аракеттери мыйзамсыз экенин моюнга алышып, жанаша жайгашкан аймакка тиешелүү унаа токтотуучу жайды талаптагыдай уюштурууну убада кылышкан.