7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Омандын дипломатиялык байланышын жогорулатуу үчүн виза режими жоюлду

175

Күн мурун Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Оман Султанатынын тышкы иштер министри Бадр бин Хамад бин Хамуд Аль-Бусаиди менен эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары Кыргызстандын министрлер кабинети менен Оман Султанатынын өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул кадам дипломатиялык жана расмий байланыштарды жеңилдетүү, саясий диалогду бекемдөө жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап 2027-2028-жылдар аралыгындагы БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин колдоо үмүтүн билдирди.

176