7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы шылуундар ”Россия почтасы” ишканасынан 8,6 млн рубль котортуп алышкан

11

Мамлекеттик “Россия Почтасы” ишканасынын кызматкери Кыргызстандагы шылуундарга 8,6 миллион рубль жөнөткөн. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 28-майында шаардагы почта бөлүмдөрүнүн биринде чоң суммада акча жоголуп жатканы аныкталган. Кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, акча шылуундардын Кыргызстандагы эсебине которулганы аныкталган.

Бул окуяга чейин үч күн мурун, 25-майда саат 13:10дор чамасында почтанын шаардык телефонуна белгисиз адам телефон чалган. Ал өзүн Россиянын почтасынын IT бөлүмүнүн кызматкеримин деп тааныштырып, жумушчу компьютерде шашылыш программалык конфигурация талап кылынарын билдирген. Ошондой эле ал телефонго жооп берген кызматкерден анын уюлдук номерин сурап, аны менен байланышууну жеңилдеткен. Алдамчы «системаны орнотуу» деген шылтоо менен аялга бир нече сааттын ичинде «көрсөтмөлөрдү» жазып берип, натыйжада почта кызматкери Кыргызстанга жалпысынан 32 жолу акча которууну ишке ашырган.

Белгиленгендей, кышында «Почта бөлүмдөрүндөгү алдамчылык аракеттердин алдын алуу жөнүндө» буйрук чыгарылган. Анда, “кардардын физикалык катышуусуз ар кандай которууларды кабыл алууга, кызматкердин физикалык катышуусуз жана алдыдагы тестирлөө жөнүндө расмий эскертүүсүз акча которуулар боюнча кандайдыр бир сыноо иштерин жүргүзүүгө” тыюу салынган.

Мамлекеттик компания мурдагы почта кызматкеринен 8 миллион 612 миң рубль материалдык чыгымды жана 82 миң рубль соттук төлөмдөрдү өндүргөн. Ал эми ал аял соттук отурумга келбей, анын себептерин да сотко билдирген эмес, эч кандай арыз, каршылык, өтүнүч да жолдогон эмес.

 

12