Төмөн жана орто басымдагы газ түтүктөрүн жакшыртуу иштерине байланыштуу 29-сентябрдан 2-октябрга чейин борбор калаанын айрым аймактарында жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурай турганын “Бишкекгаз” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаратылыш газы токтотулуучу аймактар:
- Алыбаев, Крылова, Железнодорожная, Осмонов көчөлөрү — 1-2-октябрга чейин;
- Мурманская, Гагарина, Садырбаев, Ахунбаев көчөлөрү — 29-30-сентябрга чейин.
Бул аймактарда ишенимдүү жана коопсуз газ менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Шаар бийлиги тургундардан жаратылыш газын өчүрүлгөн учурунда альтернативдүү энергия булактарын колдонууну сунуштап, убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.