Мурдагы колхоздор аралык курулуш уюмунун (ККУ) Ак-Талаа районунун Баетово айылындагы жалпы аянты 1,98 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Колхоздор аралык курулуш уюму 1964-жылы аймакта өндүрүш объекттерин өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Ошол эле жылы Ак-Талаа районунун эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Ак-Талаа районунун Баетов айылында өндүрүш объекттерин куруу үчүн 4,0 га жер тилкеси уюмга бөлүнүп берилген.
“1993-жылы Колхоздор аралык курулуш уюму «Демилге» акционердик коому болуп кайра түзүлүп, анын жетекчиси катары Ч.К. шайланган.
Аталган Ч.К. 2004-жылы акционердик коомду жоюу жолу менен бул ишкананы жеке менчикке өткөрүп бергени аныкталган. Бул мүлк Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына тиешелүү кабыл алуу актысына ылайык өткөрүлүп берилген”, — деп жазылат маалыматта.
Мурда Колхоздор аралык курулуш уюмуна тиешелүү болгон калган объектилерди кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.