7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда бийиктиги 625 метрди түзгөн дүйнөдөгү эң бийик асма көпүрө ишке берилди

20

Кытайдын Гуйчжоу провинциясындагы Хуацзян капчыгайындагы асма көпүрө унаа кыймылы үчүн ачылды. Көпүрөнүн Бейпан дарыясы агып өткөн капчыгайдын түбүнө чейинки аралыгы 625 метрди түзүп, жаңы көпүрө дүйнөдөгү эң бийик көпүрө болуп калды.

Хуацзян капчыгайындагы көпүрөнүн курулушу үч жыл тогуз айга созулуп, ага 2 миллиард юань (болжол менен 280 миллион доллар) сарпталган. Көпүрөнүн узундугу 2,9 чакырымды түзөт. Жергиликтүү бийлик жаңы көпүрө эки сааттан ашык убакыт сарптаарын айтып, анын ишке кириши аймактык транспорт тармагын жакшыртат жана аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө жаңы дем берерин баса белгилеген.

Ушул эле провинцияда мурунку дүйнөдөгү алдыңкы көпүрө болгон Дуге көпүрөсү (565 метр) жайгашкан. Жалпысынан, кытай бийлигинин айтымында, Гуйчжоу провинциясында дүйнөдөгү эң бийик 100 көпүрөнүн дээрлик жарымы жайгашкан.

21