7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бюджетке 15 млн сом чыгым кылган подрядчы кармалды

255

Аламүдүн районунун С.Чокморов айылдык аймагынын Мраморное айылына фельдшердик-акушердик пунктун (ФАП) жана жер астынан өткөн саркынды суулар (канализация) тармактарын курууга жана реконструкциялоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды «ВИТУ-ВИИТ» жана «АКААНА» ЖЧКлары тарабынан ыйгарып алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 15 миллион 309 миң 360 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

“Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «ВИТУ-ВИИТ» жана «АКААНА» ЖЧКнын жетекчиси «К.Н.К.» КР КЖПК 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп берилет маалыматта.

Учурда КР УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

256