7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кулактандыруу! Кыргызстандагы музейлерге кирүү бир ай бою акысыз болот

183

Кыргызстандагы бардык мамлекеттик музейлер 2025-жылдын 1–30-октябры аралыгында акысыз “Ачык эшиктер айы” өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун руханий адеп-ахлактык өнүгүү, улуттук наркты даңазалоо жана тарых-мураска болгон кызыгууну арттыруу боюнча Жарлыктарын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле өлкөдө алгачкы музейдин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.

Программанын алкагында туруктуу жана убактылуу көргөзмөлөргө акысыз кирүү, калктын ар түрдүү катмары үчүн атайын экскурсиялык маршруттар, тарыхый жана маданий багыттагы экскурсиялар, лекциялар жана мастер-класстар уюштурулат.

“Ачык эшиктер айы” – бул коомчулуктун улуттук маданий мурас менен жакындан таанышып, тарыхка болгон кызыгуусун арттырууга жана жаштар арасында патриоттук сезимди ойготууга багытталган маданий долбоор.

 

184