7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКны жамынып 1 млн 925 миң сом акча талап кылган жаран кармалды

167

Бишкек шаарынын тургуну өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин жана УКМКнын айрым жетекчилеринин атын жамынып, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен 1 миллион 925 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин жана тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын жашоочусу КР жараны С.У.Э. кармалды.

“С.У.Э. өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинин жана УКМКнын айрым жетекчилеринин атын пайдаланып, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпы суммасы 1 миллион 925 миң сомду түзгөн каражатты алганы аныкталды”, — деп берилет маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп, анын мыйзамсыз иш-аракетинин башка мүмкүн болгон учурлары да иликтенүүдө.

168