7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында Баткен менен Согди облусунун башчылары жолугушту

378

Бүгүн 29-сентябрда, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода, кыргыз-тажик чек арасында жолукту.

Жолугушууга чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Облус башчылары жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен, эки тараптан тең алмашуу макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүүгө байланыштуу маселелерди, чек араны демаркациялоодо, чек ара сызыгын, короо жай, бак дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту сактоо, жергиликтүү тургундардын ортосунда жакын кошуналык мамилелерди чыңдоо, ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу багытында иш аракетерди улантуу макулдашылды.

379