7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзүн “положенец” деп атап, күч менен байыган кылмышкер кармалды

171

1985-жылы туулган А.Б. атайын психиатриялык медициналык мекемеде жазасын өтөп жатып, өзүнүн айланасында криминалдык идеологияны тутунган адамдардын тобун, анын ичинде спортчуларды бириктирген кылмышкер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, физикалык артыкчылыкты жана өзүнүн таасирин колдонуп, ал өзүн “положенец” деп жарыялап, соттолгондордон “общак” үчүн акча чогултууну уюштурган.

“2018-жылы жаран А.Б. мурдагы укук коргоо органынын кызматкерине бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн. Маалыматтарга караганда, жеке байланыштарды жана коррупциялык схемаларды колдонуу менен психиатриялык экспертизанын жалган корутундулары алынган, андан кийин сот аны акыл-эси жайында эмес деп таап, мажбурлап дарылоого жиберген. Адистештирилген психиатриялык мекемеде жүргөндө А.Б. укукка каршы ишмердүүлүгүн токтоткон эмес, тескерисинче, өзүнүн таасир чөйрөсүн кеңейткен. Ал “смотрящий” катары адамдарды дайындап, бейтаптарды жана соттолгондорду криминалдык түшүнүктөр боюнча көзөмөлдөп, мекеменин ичинде жана сыртында анын статусун бекемдөө үчүн колдонулган “общак” үчүн акча чогултууну уланткан. Ыкчам маалыматтарга караганда, мыйзамсыз жол менен алынган каражатка ал үйлөрдү, жер тилкелерин жана 100дөн ашык ири мүйүздүү бодо малды сатып алган”, — деп берилет маалыматта.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттери менен А.Б. коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирген, мамлекеттик тартипти бузган, соттолгондорго карата тарбиялоо процесстерин бузган жана уюшкан кылмыштуулук идеологиясынын жайылышына өбөлгө болгон уюшкан топту түзгөн.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинде (уюшкан топ түзүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө А.Б. кармалып, ага карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. Андан сырткары, А.Б.нын шериги 1980-жылы туулган А.А. кармалды. Тергөө уланууда.

172