7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боомдогу окуя: Издөөдөгү кызды 40 жаштагы киши зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөн

63

3 күндөн бери издөөдө жүргөн окуучу кыздын жансыз денеси табылды. Анын өлүмүнө шектүү катары 41 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 27-сентябрында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын тургуну Т.А. жана Тоң районунун тургуну К.Н. арыз менен кайрылышып, 2008-жылы туулган М.А. Каракол шаарындагы курбусуна чыгып, ошол бойдон үйүнө кайтып келбегендигин билдиришкен.

Арыз Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жана издөө иштерине алынган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал 1984-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну А.К. экени такталган.

“Алдын ала сурак маалында шектүү А.К. 27-сентябрда жашы жете элек М.Аны күч колдонуп зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана анын жансыз денесин Чүй облусунун Кемин районунун аймагына таштап кеткенин мойнуна алган”, — деп берилет маалыматта.

Факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү А.К. 2025-жылдын 30-сентябрында Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.  Азыркы учурда ар тараптуу жана толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат жана тийиштүү экспертизалар дайындалды.

64