7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү тапшырды

174
Президент балдарды жана кыз-келиндерди зордуктап, өлтүргөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм Айсулуу Мукашеванын ишин президент өз көзөмөлүнө алган.
«Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда», — деп айтылат Алагөзовдун билдирүүсүндө.
Эске салсак, Айсулуу Мукашева 27-сентябрда түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Шектүү Бишкектен кармалып, камакка алынды.
175