7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Муфтий: Кыздын абийирин тепсеген – өз кызынын абийирин тебелеген менен барабар!

61

Муфтий Абдулазиз Закиров өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуунун өлүмү боюнча кайрылуу жасады.

«Урматтуу мекендештерим, өзгөчө мырзалар! Аялзаты – бул коомдун жүрөгү, үй-бүлөнүн куту, жашоонун энеси, өмүрдүн тиреги. Бүгүнкү кыздарыбыз – эртеңки энелер. Алар тукум улай турган асылзаттар, балдардын сүйүктүү энеси, бирөөнүн өмүрлүк жары.

Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ мындай деп айткан: «Кимде-ким кыздарды тарбиялап, аларды жакшы карап, мээрим төгүп чоңойтсо, ал бейишке кирет» (Ибн Мажа). Дагы бир хадисте: «Эненин таманынын астында бейиш бар» (Насаий).

Демек, аялзатын урматтоо – бул жөн гана адеп эмес, бул ыймандуулук, бейишке алып баруучу жол. Ал эми аялзатына кол салып, зулумдук кылган адам – Аллахка каршы чыккандардын катарына кирет. Эсиңерде болсун: аялзатына кол көтөргөн – өз энесине кол көтөргөн менен барабар, кыздын абийирин тепсеген – өз кызынын абийирин тебелеген менен барабар!

Аллах Таала Куранда: «Зынаага жакындабагыла! Ал – жийиркеничтүү иш жана жаман жол» (Исра сүрөсү, 32-аят) – деп эскерткен. Ошондой эле: «Ким бир бейкүнөө адамды өлтүрсө, ал бүтүндөй адамзатты өлтүргөн менен барабар» (Маида сүрөсү, 32-аят).

Урматтуу эр-азаматтар! Биздин ата-бабаларыбыз аялзатын ар дайым бийик туткан. Аялзатын намысы жана аны коргоо үчүн бүтүндөй азаматтар аттанган. Кыргызда кызды төргө чыгарган, энени таажыдай башына көтөрүп, абдан катуу сыйлаган. Бул – биздин шариятыбыз, наркыбыз, кан-жаныбызга сиңген асыл салт. Аялзатын урматтоо – бул кыргыздын намысы!

Бирок бүгүн айрым адамдар напсинин кулу болуп, аялзатына кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар жаралып жатат. Бул – чоң трагедия, бул – намысты тебелөө, бул – коомду кыйратуу! Ата катары – биз кыздарыбызды аруу сактап, уулдарыбызды адеп-ахлакка, ыйманга тарбиялап, үй-бүлөнү коргоп, балдарыбызга мээрим жана камкордук менен үлгү болууга милдеттүүбүз. Ата – үйдүн тиреги. Тирек бекем болсо, үй бекем болот.

Ага катары – ар бир эр-азамат коомдогу кыз-келиндерге өз карындашындай аяр мамиле кылышы зарыл. Алардын абийирин, кадыр-баркын жана коопсуздугун коргоо – биздин мусулмандык жана инсандык парзыбыз. Ал эми ини катары – эже-карындаштарыбызга, апаларыбызга ар дайым жардамчы болуу, оорун колдон, жеңилин жерден алуу – бул биздин милдетибиз. Алла Таала эр-азаматтарды күч, акыл, жоопкерчилик менен сынап койгон. Бул күчтү зулумдукка эмес, боорукерликке жана коргоого жумшоо – чыныгы эрдик.

Урматтуу мекендештерим!

Эр-азамат болуу – бул күч менен мактануу эмес. Эркектин чыныгы күчү – өзүн тыя билүүдө, аялзатына аяр мамиле кылууда. Боорукер болуу – эрдик, мээримдүү болуу – бийиктик, аялзатын коргоо – бул ыймандуулук! Келгиле, коомду зынаадан, бузукулуктан, зулумдуктан сактайлы. Үй-бүлөнү бийик адеп-ахлак менен тарбиялайлы. Ар бир кызды – өз кызыбыздай, ар бир аялды – өз энебиздей, ар бир бийкечти – өз карындашыбыздай аярлап мамиле кылалы.

Эсиңерде болсун: аялзатына кол салган адамдын акырети караңгы! Алла Таала аялзатын урматтаганды урматтайт, зулумдук кылгандарды дүйнөдө да, акыретте да жазалайт. Биздин коомду сактап калуучу эң чоң курал – бул ыйман, адеп жана аялзатына болгон урмат. Эгер аялзатын урматтасак, коомубуздун уңгусу бекем болот. Эгер аялзатына зулум кылсак, анда коомубуз кыйроо жолуна түшөт. Алла Таала бизди аялзатын урматтап, коомубузду адеп-ахлак менен коргогондордон кылсын!», — дейт Абдулазиз кары Закиров. 

Эске салсак, Айсулуу Мукашева 27-сентябрда түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Шектүү Бишкектен кармалып, камакка алынды.

62