Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2021–2022-жылдары Базар-Коргон айыл аймагы тарабынан жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз жер тилкелери берилгени аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Жети-Кошкон айылында, ошондой эле Актайлак-Ата участкасында жайгашкан ар биринин жалпы аянты 7,38 гектарга барабар, базар баасы менен 161 млн 622 миң сомду түзгөн 0,06 гектардан 123 жер тилкеси Базар-Коргон районунун менчигине кайтарылып берилген.