7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Өспүрүмдүн өлүмүн иликтөө үчүн атайын тергөө тобу түзүлдү

26

Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын зордукталып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн ар тараптуу иликтөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин түз эфиринде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, тергөө тобунун курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр кирди.

“Учурда шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Ага карата “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Эки айдын ичинде экспертизалардын жыйынтыгы менен башка дагы беренелер кошулушу мүмкүн жана бардык жагдайлар иликтенет. Алардын ортосунда мурда катыштык болгонбу, шектүү ал жакка кандайча барып калганы бардыгы такталат”, — деди ал.

Ошондой эле укук коргоо өкүлү үрөй учурган окуя боюнча бардык жагдайлар ачыкталып, шектүү өмүр бою эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жети-Өгүз районунда 27-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Айсулуу Мукашева зордукталып, андан кийин мыкаачылык менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 41 жаштагы жаран кармалган.

Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыздын ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Мамлекет башчысы жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштаган.

27