7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда жаңы мыйзамдын артынан бюджетке 16 трлн сум түшкөн

150

Өзбекстанда «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзам күчүнө киргенден бери 407 кызматкер жана мамлекеттик компаниялардын кызматкерлери административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөш агенттигинин директору Акмал Бурханов билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу учурларынын ичинде туугандардын бир мекемеде түз баш ийүү менен иштөөсү, мамлекеттик кызматты ишкердик менен айкалыштыруу, мыйзамсыз сатып алуулар жана тендер эрежелерин бузуу сыяктуу фактылар бар.

«Дистанттык аудит» системасы аркылуу 2,3 трлн сумга (177 млн доллар) барабар каржылык мыйзам бузуулар аныкталса, көмүскө экономиканы азайтуу үчүн жүргүзүлгөн эсепке алуу иштери натыйжасында бюджетке кошумча 16 трлн сум (1,23 млрд доллар) түшкөн.

151