7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Өзбекстанга 8 ай ичинде 18 миң тонна картошка сатылды

190

Өзбекстан 2025-жылдын январь–август айларында өлкө Кыргызстандан 18 миң тоннадан ашык картошка импорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети маалымат таратты.

Белгиленген мезгил ичинде Өзбекстанга жалпы 11 мамлекеттен 490,8 миң тонна картошка киргизилип, анын жалпы наркы 49,7 млн АКШ долларын түзгөн.

Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу картошканын импорту 9,1 пайызга же 41 миң тоннага көбөйгөн.

Импорттун негизги көлөмү Пакистандан (299,4 миң тонна) алынган. Андан кийин Казакстан (110 миң тонна), Афганистан (34,8 миң тонна), Кыргызстан (18,1 миң тонна) жана Россия (15,4 миң тонна) орун алган. Дагы 13,1 миң тонна картошка башка өлкөлөрдөн жеткирилген.

191