7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз тасмасы «Оскар» сыйлыгына ат салышууга мүмкүнчүлүк алды

7

Кыргызстандык режиссер Ильгиз-Шернияз Турсунбек уулунун “Жайлоого карай узак жол” тасмасы «Оскар» сыйлыгынын кыска метраждуу даректүү тасма номинациясына көрсөтүлдү. Бул тууралуу alchytop анимация жана тасма дистрибьютору билдирди.

Тасма Оберхаузен шаарында (Германия) өткөн Эл аралык кыска метраждуу тасмалардын фестивалында жеңип чыккандан кийин эл аралык деңгээлде таанылып, биринчи жолу Кыргызстандын даректүү тасмасы Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык мамлекетинин Маданият жана илим министрлиги тарабынан Гран-при жана экинчи сыйлык менен сыйланган. Бул сыйлыктар тасмага «Оскардын» квалификациялуу фильми статусун алып, Амстердамдагы даректүү тасмалардын фестивалына жол ачкан.

Тасма жыл сайын айылдаштарынын малын жайлоого айдап барып, жашоосун улантууга аракет кылган Азиз жөнүндө баяндайт. Бирок жайлоого болгон жол бул жөн гана жол эмес, ал кыйынчылык жана сыноолор менен коштолот.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин жана “Айтыш фильм” киностудиясынын колдоосу менен ишке ашырылган.

 

8