7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индонезияда намаз учурунда мектеп урап, 54 адам каза болду

271

Индонезиядагы ислам мектеп-интернаты урап, 54 адам каза болду. Бул тууралуу деп The Guardian басылмасы жазып чыкты.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча улуттук агенттиктин маалыматына караганда, куткаруучулар дем алыш күндөрү урандылардын астынан 35 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Кеминде 13 адам дайынсыз болууда.

Индонезиянын президенти Прабово Субианто Сидоаржодогу трагедиядан кийин өлкөдөгү бардык ислам мектептерин текшерүүгө буйрук берген.

Эскерте кетсек, кырсык 30-сентябрда болгон. Мектептин намазканасы ураган учурда ичинде 100дөй адам болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, куруучулар кошума кабатка бетон куйгандан кийин, имарат ага туруштук бере албай калган.

272