7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ак-Ордо-3төгү окуя: Байкесине 22, карындашына 15 жолу бычак сайган

214

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо-3 конушундагы кайгылуу окуяга шектүү дагы эле табыла элек. Ал эркек кишиге 22 жолу бычак сайып, андан соң карындашына 15 ирет бычак сайган. Бул учурда маркумдун аялы 3 баласы менен терезеден качып чыгууга үлгүргөн.

Биринчи качып барган коңшусу эшигин ачпай койгон, андан кийинки үйдүн эшигин ачык экенин көрүп ал үйгө кирип барган. Ал аялдын кийимдери кан болгондуктан үй ээси коркуп, милиция чакырышкан.

Шектүү эки бир тууганды өлтүрүп, үйдөн чыгып кеткени видеокамерага түшүп калган. Учурда кылмышка шектүү жарандын фотороботу боюнча издеп жатышат. ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков шектүүнү табууга жардамдашкандарга ири суммада акчалай сыйлык берүүнү убадалады.

Кошумчалай кетсек, өлтүрүлгөн жаран унаа сатып ишкерлик кылып келген жана анын унаасынан ири суммада акча табылган.

215