7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коңшу Казакстанда Жеки Чандын жаңы тасмасы тартылат (ВИДЕО)

192

Легендарлуу актер Жеки Чандын «Доспехи Бога: Ультиматум» тасмасынын төртүнчү бөлүгү Казакстанда тартылат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Казакстандык медиакомпаниянын башкы директору Игорь Цай аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен Digital Bridge 2025 форумунун алкагында жолугушуу учурунда «Биз азыр Жеки Чан ойногон тасманы тартып жатабыз. «Доспехи Бога — 4″ Казакстанда тартылат», -деп билдирген .

«Доспехи Бога» тасмасы 1986-жылы Жеки Чан тарабынан тартылып, өзү башкы каармандын ролун жараткан тасма. Кийинчерээк; «Доспехи Бога — 2: операция «Кондор» (1991) жана «Доспехи Бога — 3: миссия «Зодиак» (2012) аталышында уландылары чыккан.
Белгилей кетсек, буга чейин Жеки Чан Алматыга келгени кабарланып, бирок анын катышуусу менен тасма тартуу пландалып жатканы маалымдалган эмес.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

193