7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

29 жаштагы мамлекеттик кызматкер коррупциялык схема боюнча кармалды

410

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде Финансы жана контролдоо бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча каражаттарын ижарага которуп, кийин жооптуу кызматкерлер аталган каражатты материалдык баюу максатында өздөштүрүшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Финансы жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (эсепчи) 1996-жылы туулган С.А.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

411