7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин депутаттыгына 106 талапкер арыз таштады, анын 38и аял

460

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга 106 талапкер өзүн-өзү көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын 68и эркек, 38и аял талапкер.

Тынчтык Шайназаров белгилегендей, эгер округда шайлоого катыша турган талапкерлердин арасында бир жыныстагы гана талапкерлер болуп калса, анда мыйзамга ылайык, кайра шайлоо өткөрүлөт.

“Эгерде бир округда талапкерлердин бардыгы эркек же аялдар катталган болсо, шайлоону кайра өткөрүү каралган. Ушул күнгө карата биз байкагандай, 30 округдун баарында аял талапкер бар”, — деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Ар бир округда үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.

461