7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр муниципиалдык инспекцияны колдоп, депутаттарды сынга алды

279

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык инспекциянын башчысы Мирлан Таалайбеков менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешовдун ортосундагы кайым айтышуу боюнча «Биринчи радионун» түз эфиринде комментарий берди.

«Мен инспекциянын отчетун угууга каршы болгон жокмун. Ооба, ал жакта жетекчи жаңы бирок, ал бардык керектүү маалыматтарды билет. Айрым депутаттар буга чейинки таарынычтары үчүн талкууну жеке максаттарына пайдаланышты. Менимче, бул аларга абийир алып келбейт. Биз биргеликте чечимдерди иштеп чыгуу менен чогуу иш алып баруудабыз. Казбек Эргешов өзү үч чакырылыштын депутаты болуп, эл үчүн эмне кылган? Сындаса болот, бирок ошол эле учурда өзү да иштеш керек», — деп баса белгиледи мэр.

Айбек Жунушалиев ошондой эле муниципалдык инспекция акыркы үч айда бир топ көрүнүктүү иштерди аткарып, «Орто-Сай», «Аламүдүн» жана «Ош»базарларындагы башаламан соода-сатыктар жоюлганын белгиледи.

280