7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунда 69 миң 500 даана акылдуу эсептегич орнотулду

176

Чүй облусунда 69 миң 500 даана акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Чүй ЭТИ тарабынан Чүй облусунун 8 районуна 69 500 даана акылдуу эсептегич орнотулду.

Анын ичинен:
— Аламүдүн районуна – 13380 даана;
— Ысык-Ата районуна – 11800 даана;
— Чүй районуна – 12245 даана;
— Сокулук районуна – 15650 даана;
— Москва районуна – 9296 даана;
— Жайыл районуна – 3675 даана;
— Панфилов районуна – 1827 даана;
— Кемин районуна — 1630 даана.

Чүй энергетиктери 2025-жылы облус боюнча 104 800 даана акылдуу эсептегич орнотууну пландаган. Учурда 69500 даана акылдуу эсептегичти орнотуп бүттү. Калган 35300 даана эсептегичти жыл аягына чейин орнотуп бүткөрүлөт.

Акылдуу эсептегичтер:
• реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
• электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт;
• эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет;
• дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;

 

177