7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тарыхый курулуш. Таласта 9 кабаттуу турак жай имаратынын курулуш иши башталды

15

Талас шаарынын тарыхында биринчи жолу 9 кабаттуу «Хан Теңири» турак жай комплексинин курулушу башталды. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышышты.

Маалым болгондой, бул турак жай Мамлекеттик ипотекалык компаниянын долбоору катары турмушка ашырылууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө Каныбек Туманбаев сөз

сүйлөдү.

“Биздин урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров ар бир үйү жок кыргыз жараны 2030-жылга чейин өз турак жайына ээ болот деген максат койгон. Азыркы тапта мамлекеттик ипотекалык программа алкагында республика боюнча 70 миңден ашуун батир курулуп жатат. Бул — эгемендүүлүк алган 30 жылдан ашуун тарыхыбызда болуп көрбөгөн чоң жетишкендик. Бул кадам мамлекет башчысынын элге болгон камкордугун айгинелейт”, — деди ал.

Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев жана жергиликтүү тургундар бул курулуш Таластын өнүгүүсүнө чоң түрткү болорун белгилешти.

“Таласта буга чейин 9 кабаттуу турак жай эч качан курулган эмес. Бүгүнкү күндө мындай курулуштун башталышы — тарыхый окуя деп айтсак жаңылышпайбыз. Бул үйдөн батирлерди турак жайга муктаж болгон жарандар кезек тартибине ылайык ала алышат. Курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, бардык талаптарга ылайык тыкыр көзөмөл жүргүзүлөт,” — деп кошумчалады Туманбаев.

Жаңы имараттын курулушу аяктагандан кийин, ал Талас шаарынын архитектуралык келбетин жаңыртып, жүздөгөн үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулайт деп күтүлүүдө.

16