7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

26

2025-жылдын 8-октябрында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгынын алкагында «Кыргыз элинин көрөнөрлүк мурастары» аттуу көргөзмөнүн жана эки китептин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, өз сөзүндө музейдин китепке кирген ар доорду элестүү сүрөттөгөн ар бир экспонаты уникалдуу экенин белгиледи.

Анын айтымында, бул экспонаттар элибиздин маданий жана тарыхый баа жеткис байлыгы болуп саналат жана алар өлкөнүн ичинде эле эмес, эл аралык мейкиндикте да таанымал болууга тийиш. Союзбек Надырбеков Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгы менен куттуктап, кызматкерлерге чыгармачылык ийгилик каалады.

Көргөзмөдө жана китеп бет ачарында Британ музейи жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен биргеликте Лондондо жарык көргөн «Silk Roads» китеби, ошондой эле Сеул шаарында Ханбит маданият институту менен биргеликте басылып чыккан «Кыргыз элинин көрөнөрлүк мурастары» китеби тааныштырылды.

Мекеменин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова иш-чараны ачып берип, музей тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге, мекемелерге жана эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирди.

ЮНЕСКОнун Россия комитетинин төрайымы Анастасия Паршакова, «Silk Roads» журналынын редактору Марат Ахмеджанов жана башка катышуучулар музейдин 100 жылдыгы менен куттуктап, китептердеги баалуу материалдар дүйнөлүк окурмандар үчүн кыргыз маданияты тууралуу маанилүү булак болоорун белгилешти.

Музейдин мааракелик иш-чарасына КМШ өлкөлөрүнүн, Улуу Британиянын жана Түштүк Кореянын башкы музейлеринин жетекчилери, окумуштуулары, маданият жана илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү, эл аралык жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү, ошондой эле белгилүү маданият ишмерлери катышышты.

27