7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ахунбаев атындагы медакадемиянын мугалими 150 миң сом пара алып жатып кармалды

28

150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен И.Ахунбаева атындагы КММАнын окутуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-октябрь күнү, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын 1987-жылкы «Д.Н.Д.» аттуу окутуучусу окуу жайдын студенттеринен 150 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кармоо учурунда усулдук канаада 2002-жылкы «А.А.» аттуу окуу жайдын студенти болгон. Ага карата болгон жеке тинтүү учурунда жанынан 100 миң сом акча каражаты табылган. Алдын ала суракта ал акчалардын өзү окуган окуу тайпасындагы студенттерден чогултулганын, алдыдагы кышкы сессия мезгилиндеги экзамендерди оң жагына тапшыруунун кепилдигин камсыз кылуу максатында акчаны аталган жаранга берүүнү көздөгөндүгү тууралуу көрсөтмө берген.

Буга чейин, окутуучу кызматтык абалынан пайдаланып, студенттерден экзамендердин оң жыйынтыгы үчүн акча талап кылып, эгер бербесе зачетторду тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, экзаменден алган упайларын төмөндөтүп салаарын айтып коркуткан.

Алынган ыкчам маалыматтарга ылайык «Д.Н.Д.» студенттер менен иш жүзүндө сабактарды өткөрбөгөн жана бекитилген окуу планын толук аткарган эмес. Мындан тышкары, ал пара алуу максатында студенттердин экзамендик упайларын атайылап төмөндөткөн. Жыйынтыгында, кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

29