7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эмгек министрлигинде балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча жыйын өттү

196

Эмгек министрлиги балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Зомбулуктун алдын алуу — ар бирибиздин милдетибиз. Ар бир бала сүйүүгө, камкордукка жана коргоого татыктуу. Балдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн баарыбыз колубуздан келген бардык аракетти көрүшүбүз керек», — деп Эмгек министринин орун басары Айнура Орозбаева онлайн форматта сөз сүйлөп жатып билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле кылууга каршы аракеттер талкууланып, зомбулуктун түрлөрү — психологиялык, физикалык, экономикалык жана сексуалдык зомбулук боюнча маселелер каралды. Өзгөчө көңүл өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алууга, балдар үчүн коопсуз жана колдоочу чөйрө түзүүгө, үй-бүлөдө зомбулуксуз тарбия берүү жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле баланын пикирин эске алууга бурулду.
Мындан тышкары, аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын балдарга карата зомбулук фактылары боюнча көрүп жаткан иш-чаралары талкууланды. Региондордон келген жетекчилер бул багыттагы иштер системалуу жүргүзүлүп жатканын, пландуу иш-чаралар ишке ашырылып, алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жеринде өткөрүлүп жатканын белгилешти.

Ошондой эле жыйында үй-бүлөдөгү зомбулуктун деңгээлине таасир этүүчү социалдык-экономикалык факторлор жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору каралды.

Жыйындын соңунда ата-энелер балдардын жоопкерчилигин жана билимин жогорулатуу, балдардын социалдык адаптациясын камсыз кылуу жана алардын тарбияланышы үчүн коопсуз, жагымдуу чөйрө түзүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

197