7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен 15 жаштагы кыз кармалды

322

Манас шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен 15 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, кечээ 8-октябрда 14:40 чамасында Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкери тарабынан аталган шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигинин алдына жаңы төрөлгөн наристени таштап кеткендиги боюнча чалуу келген.

Аталган факты Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Манас ШИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүп, табылган ымыркайды Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө өткөрүп беришкен.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ошол эле күнү 17:00 чамасында кылмышка шектелип 15 жаштагы өспүрүм кармалган.

323