7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бала береке» жөлөк пулу эгиз балдарга кандай берилет?

37

Ушул жылдын январынан тартып күчүнө кире турган «Бала береке» жөлөк пулу эгиз төрөлгөн учурда ар бир балага өзүнчө төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Максат Туларбек кызы «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде үч баласы бар эне эгиз төрөсө, анда алар төртүнчү жана бешинчи бала катары эсептелип, жөлөк пул өз-өзүнчө ыйгарылат.

«Мисалы, төртүнчү болуп төрөлгөн эгиздин бирине 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом каралат. Эгерде үч эм болсо, аларга да ушундай эле тартипте төлөнөт», — деген ал.

Төлөмдөр балдар 1 жашка чыкканда берилет. Эгер эне каза болуп калса, жөлөк пул баланын атына депозиттик эсепке түшүп, 18 жашка толгондо берилерин кошумчалады.

«Бала береке» программасысынын максаты — тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардагы калктын жыргалчылыгын жакшыртуу.

38